Пара-таэквондо боюнча Европа чемпионатында Түркия 25 медалга ээ болду

Кыздар арасында Европа чемпиону болгон Түркия, эркектер жана жалпы рейтингде экинчиликти алды.

1710202
Пара-таэквондо боюнча Европа чемпионатында Түркия 25 медалга ээ болду

Пара-таэквондо боюнча Европа чемпионатында Түркия 7си алтын жалпы 25 медалга ээ болду.

Кыздар арасында Европа чемпиону болгон Түркия, эркектер жана жалпы рейтингде экинчиликти алды.

Түркиянын таэквондо федерациясынын (TTF) билдирүүсүнө караганда, Европа пара-таэквондо биримдиги тарабынан Стамбулда уюштурулган жана Париж- 2024 Паралимпиадалык оюндарына упай берген чемпионатка 12 өлкөдөн 121 спортчу катышты.

Түрк спортчулары 7 алтын, 7 күмүш жана 11 коло медалга ээ болушса, ай-жылдыздуулар бул жыйынтык менен кыздар арасында Европа чемпиону, эркектер жана жалпы рейтингде экинчиликти алышты.

Кыздар арасында Россия экинчи, Казакстан үчүнчү орунду ээледи. Эркектер арасында Россия биринчи, Польша үчүнчү орунду алды.



Тектеш кабарлар