УЕФА менен ФИФАнын ортосундагы кризис...

УЕФАнын билдирүүсүндө, беттештердин календарына улуттук командалардын деңгээлинде регламент киргизүү жана ушуну менен жыл сайын жай мезгилинде глобалдык же континенталдык футбол турнирин өткөрүү идеясына олуттуу эскертүүлөрү бар экени баса белгиленди.

1709509
УЕФА менен ФИФАнын ортосундагы кризис...

УЕФА, Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун төрт жыл эмес, эки жылда бир өткөрүү сунушуна тынчсызданганын жана бул маселе кеңири кеңешүүнү талап кыларын билдирди.

УЕФАнын билдирүүсүндө, беттештердин календарына улуттук командалардын деңгээлинде регламент киргизүү жана ушуну менен жыл сайын жай мезгилинде глобалдык же континенталдык футбол турнирин өткөрүү идеясына олуттуу эскертүүлөрү бар экени баса белгиленди.

Билдирүүдө,«УЕФА жана ага мүчө 55 федерация ФИФАдан пландын таасири боюнча тынчсыздануусун билдирүү үчүн 14 -сентябрда атайын жыйын өткөрүүнү суранды. УЕФА жана ага мүчө 55 федерация ФИФАдан бул өтүнүч боюнча ушул күнгө чейин жооп ала элек», делди.

Пландан келип чыгуучу потенциалдуу коркунучтар төмөндөгүдөй көрсөтүлгөн: «Ар төрт жылда бир болуп турушу Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна (ФИФА) сырдуу атмосферанын кошулушу жана түрдүү муундар чогуу өскөн турнирдин баасынын төмөндөшү. Дайыма ойнолуучу беттештерди чоң турнирлерге алмаштыруунун натыйжасында алсыз курама командалар үчүн спорттук мүмкүнчүлүктөрдүн төмөндөшү».

ФИФА, глобалдык футболду өнүктүрүү директору Арсен Венгер койгон планга ылайык, эркектер жана аялдар футболу боюнча эл аралык беттештердин графигин талкуулоо үчүн бейшемби күнү, 30 -сентябрда онлайн режиминде жолугушат.

Дүйнө чемпиондугу эркектер үчүн 1930 -жылдан бери (Экинчи дүйнөлүк согуштун айынан 1942 жана 1946 -жылдары жокко чыгарылган), ал эми аялдар үчүн 1991 -жылдан бери төрт жылда бир өткөрүлүп келет.



Тектеш кабарлар