Эркектер улуттук волейбол командасы Россияны 3 - 1 эсебинде утту

Эркектер улуттук волейбол командасы 2021  Европа чемпиондугунда С группадагы биринчи беттешинде Россияны  3 – 1 эсебинде утуп алды.

1701685
Эркектер улуттук волейбол командасы Россияны  3 - 1 эсебинде утту

Эркектер улуттук волейбол командасы 2021  Европа чемпиондугунда С группадагы биринчи беттешинде Россияны  3 – 1 эсебинде утуп алды.

CEV Европа алтын лигасында бири биринин артынан эки жолу чемпион болгон волейболчулар 2021  Европа эркектер волейбол чемпиондугун жеңиш менен баштады.

Ай  жылдыздуу команда 2017 -  жылы Европа чемпиону болгон, акыркы олимпиаданын экинчиси болгон Россия менен мыкты оюн ойноду.

А улуттук команда Финландиянын Тампере шаарында өткөн беттеште 29-27, 16-25, 25-21 ve 25-19 сеттерден менен 3 – 1 эсебинде жеңиш менен чыкты.

Түркия саат 17.00дө С группасынын экинчи оюнунда Испания менен беттешет.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Россияны 3-1 эсебинде жеңген эркектер улуттук волейбол командасын куттуктады.

Президент Эрдоган беттештен кийин Түркиянын волейбол федерациясынын вице -президенти Ахмет Гөксу жана эркектер улуттук волейбол командасынын башкы машыктыруучусу Недим Өзбей менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Россияны жеңген улуттук команданы куттуктаган Эрдоган Өзбей жана улуттук командага чемпиондуктагы башка беттештер үчүн ийгилик каалагандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар