Аялдар улуттук волейбол командасы Россияны утту
Улуттук курама команданын чейрек финалдагы атаандашы бүгүн жыйынтыктала турган тайпалык беттештерден кийин такталат.
1684158
Аялдар улуттук волейбол командасы 2020 Токио Олимпиада оюндарынын 10-күнүндө В тайпасындагы акыркы беттешинде Россия Олимпиадалык Комитетин 3-2 эсебинде жеңди.
Мындан мурда чейрек финалга чыгууну кепилдикке алган ай - жылдыздуу команда В тайпасында үчүнчү орунду алды. Улуттук курама команданын чейрек финалдагы атаандашы бүгүн жыйынтыктала турган тайпалык беттештерден кийин такталат.