Эржиес тоосу эл аралык спортчулардын дагы чуркоо тилкесине айланды

Жөө күлүктөр бул жерде эл аралык чемпионаттарга даярданып жатышат.

1672751
Эржиес тоосу эл аралык спортчулардын дагы чуркоо тилкесине айланды

Лыжа, кар волейболу, сноуборд жана велосипед тебүү сыяктуу көптөгөн тармактарда эл аралык спорттук иш-чараларды уюштурган Кайсеридеги Эржиес тоосу эл аралык спортчулардын дагы чуркоо тилкесине айланды.

Эржиес тоосунун боорундагы 2200 метр бийиктиктеги талаалардан чокуга чейинки ар кандай жолдордо чогулган жөө күлүктөр бул жерде эл аралык чемпионаттарга даярданып жатышат.

Эржиестин жайлоолорундагы таза абада машыккан спортчулар болжол менен 100 чакырым аралыкты катаал жерлерде басып өтүшөт.

Түркия менен катар Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Россия, Түштүк Африка, Сербия, Англия, Дания, Швеция, Украина жана Иран сыяктуу өлкөлөрдүн жүздөгөн жөө күлүктөрүн бириктирген Эржиес тоосу, ушул тармакта уюштурган иш-чаралары менен да атын чыгарууда.

Эржиес өткөн жылы дүйнөдө эң көп эл аралык жарыштар өткөрүлгөн жерлердин бири болду.



Тектеш кабарлар