Улуттук штангисттер Токио олимпиадасына квота алышты

Эл аралык оор атлетика федерациясы (IWF) 2020-жылкы Токио олимпиадасына катыша турган спортчулардын тизмесин жарыялады.

1656599
Улуттук штангисттер Токио олимпиадасына квота алышты

Улуттук штангисттер Нурай Левент менен Ферди Хардал 2020-жылкы Токио олимпиадасына квота алышты.

Эл аралык оор атлетика федерациясы (IWF) 2020-жылкы Токио олимпиадасына катыша турган спортчулардын тизмесин жарыялады.

Буга ылайык, Түркиядан 64 кг салмактагы Нурай Левент жана 61 кг салмактагы Ферди Хардал Олимпиадага катышууга жолдомо алышты.

Жаштар арасында Дүйнө чемпиону болгон 67 кг салмактагы Мухаммед Фуркан Озбектин да олимпиадалык квотаны мурда эле гарантиялашы менен 2020-жылдагы Токио Олимпиадасына Түркиядан 3 улуттук оор атлетчинин катышары такталды.

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу куттуктоосунда штангисттерге Токио-2020 Олимпиада оюндарында ийгиликтерди каалады.



Тектеш кабарлар