Спортчулар Сочиден Кара деңиз аркылуу Гиресунга сүзүп өтүшөт

Спутниктин кабарына ылайык, Ачык сууда сүзүү Марафонунда 13-июнь күнү саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн 10 түрк жана 3 россиялык спортчулар сууда сүзүшөт.

1652707
Спортчулар Сочиден Кара деңиз аркылуу Гиресунга сүзүп өтүшөт

Түркиялык жана орусиялык спортчулар Орусиянын Сочи шаарынан Гиресунга саламаттыкты сактоо кызматкерлерин колдоо үчүн сүзүп өтүшөт.

Спутниктин кабарына ылайык, Ачык сууда сүзүү Марафонунда 13-июнь күнү саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн 10 түрк жана 3 россиялык спортчулар сууда сүзүшөт.

Сууда сүзүүдө алгачкы деп айтылган марафондо спортчулар Кара деңизде 110 саат сүзүп, күнүнө 2 жолу сууга түшүп 320 чакырым аралыкты сүзүп өтүшөт.

Өлкөлөр ортосундагы достукту дагы чыңдай турган марафондо түрк спортчуларынын арасында мурунку мамлекеттик министр Күршад Түзмен дагы бар.

Сууда сүзүү үчүн түрктөрдүн арасында жүргөн Ачык сууда сүзүү Марафон уюмунун консультанты жана спортчусу,илимий кеңешинин мүчөсү болгон Стамбул Гелишим университетинин окутуучусу, доцент Кубилай Чимен: «Биз жашап жаткан мезгилде дүйнө жүзү абдан маанилүү процессти башынан өткөрдү. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери эң чоң марафонду башынан өткөрүштү. Алар көптөгөн маселелер боюнча берилгендик менен иштеп, элдин ден-соолугу үчүн курмандыктарга барышты. Бул учурда биз дагы кайдыгер болгубуз келген жок. Ошондуктан биз Ачык сууда сүзүү Марафонун уюштурдук. Сочиден Гиресунга сүзөбүз. Бул дүйнөлүк рекорд болот. Бул кагаз жүзүндө 320 чакырымдай көрүнөт, бирок биз жалпысынан 350-360 чакырым аралыкты сүзүп өтүүнү пландап жатабыз»,-деди.

Чимен марафонду «Дүйнөлүк саламаттык сактоо кызматкерлери жана достук» урааны менен сүзө тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар