Формула-1 Азербайжан Гран-приси бүгүн өтөт

Азербайжан Гран-присине Феррари командасынын монаколук айдоочусу Чарльз Леклерк биринчи катардан баштайт.

1652411
Формула-1 Азербайжан Гран-приси бүгүн өтөт

Формула-1 Дүйнө чемпиондугунда сезондун 6-жарышы Азербайжан Гран-присине Феррари командасынын монаколук айдоочусу Чарльз Леклерк биринчи катардан баштайт.

Леклерк борбор калаа Бакунун көчөлөрүндө түзүлгөн 6 чакырымдык жолдо өтүүчү жарыштын тандоо турларында 1 мүнөт 41,218 секунд убакыт менен биринчи чөнтөктү утуп алды.

23 жаштагы айдоочу карьерасында 9-поле позициясына жеткен.

Монаконун айдоочусунан 0,322 секундага артта калган Льюис Хэмилтон (Мерседес) 2-орунду ээлесе, 3-орунду лидерден 0,345 секунда жайыраак басып өткөн Макс Верстаппен (Ред Булл-Хонда) ээледи.

51 айлампа жарыш эртең Түркия убактысы боюнча саат 15.00дө башталат.



Тектеш кабарлар