Түркиянын курама волейбол командасы Португалияны 3-0 эсебинде утуп алды
Беларуссияда өткөн С тайпасынын биринчи этабында Түркия экинчи беттешинде Португалия менен күч сынашты.

«А» Улуттук эркектер курама Волейбол командасы CEV Европа Алтын Лигасынын С тайпасындагы экинчи матчында Португалияны 3-0 эсебинде утуп алды.
Беларуссияда өткөн С тайпасынын биринчи этабында Түркия экинчи беттешинде Португалия менен күч сынашты.
Улуттук команда 25-19, 26-24 жана 25-17 эсеби менен борбор шаар Минскте өткөн беттеште 3-0 эсебинде жеңишке жетти.
Тайпадыгы эки оюнун тең уткан ай-жылдыздар командасынын мыкты бомбардири 20 упай топтогон Адис Лагумдзия болду.
Биринчи этаптын акыркы оюнун Улуттук курама команда 30-май, жекшемби күнү саат 19.00дө үй ээси Беларусь менен ойнойт, ал эми С тайпасы 4-6-июнь күндөрү Португалияда экинчи таймдын беттештерин өткөрөт.
Тектеш кабарлар

Теннис боюнча Түркияга сыйлык...
Испаниянын Барселона шаарында Европа Теннис федерациясынын башкы жыйыны өттү.