Кытайдагы марафондо 21 киши каза тапты

Тоо этабын камтыган 100 км аралыкка чуркоодо 21 атаандаш аба-ырайынын начардыгынан улам өз өмүрлөрүнөн айрылды.

1644059
Кытайдагы марафондо 21 киши каза тапты

Кытайда өткөн марафон кырсык менен аяктады.

Тоо этабын камтыган 100 км аралыкка чуркоодо 21 атаандаш аба-ырайынын начардыгынан улам өз өмүрлөрүнөн айрылды.

Ишемби күнү эртең менен Гансу провинциясында башталган марафондо 172 спортчу баштапкы белги менен чуркай баштады.

Бирок, 100 чакырымга созулган марафондун тоо этабында аба ырайы күтүүсүздөн начарлап, үшүк түшүп, жамгыр жаап, спортчулар аймакта калышкан.

Окуядан кийин спортчуларды сактап калуу операциясы башталды.

Түн ичинде 172 спортчунун 151и куткарылып, 21и көз жумган.



Тектеш кабарлар