Бурак Йылмаз Франциядагы эң мыкты футболчу сыйлыгына талапкер

Акыркы эки жумасына кирген лигадагы эң жакын атаандашы Пари Сен-Жерменден (ПСЖ) 3 упай алдыда келе жаткан Лилль клубунун ийгилигине чоң салым кошкон Бурак Йылмаз, ал акыркы жумаларда гол киргизип, жылдын футболчуларынын катарына өз атын киргизди.

1638075
Бурак Йылмаз Франциядагы эң мыкты футболчу сыйлыгына талапкер

Франциянын 1-Футбол Лигасынын (Ligue 1) командаларынан Лилль формасын кийген улуттук футболчу Бурак Йылмаз жылдын мыкты оюнчусуна добуш берүүдө талапкерлердин катарына кирди.

Акыркы эки жумасына кирген лигадагы эң жакын атаандашы Пари Сен-Жерменден (ПСЖ) 3 упай алдыда келе жаткан Лилль клубунун ийгилигине чоң салым кошкон Бурак Йылмаз, ал акыркы жумаларда гол киргизип, жылдын футболчуларынын катарына өз атын киргизди.

Бурак Йылмаздын ысымы жылдын мыкты голуна талапкерлердин катарында дагы аталган. Бурак Йылмаз бул категориядагы талапкерлердин катарына өткөн аптада командасы Линзаны 3-0 эсебинде утуп алган оюндагы экинчи голу менен кошулду.

Футбол сүйүүчүлөрү «https://www.tropheesunfp.com» сайтындагы добуш берүүгө катыша алышат. Эпидемияга байланыштуу онлайн режиминде өтө турган сыйлык тапшыруу аземи 20-май, бейшемби күнү болот.



Тектеш кабарлар