Улуттук балбан Адар жарым финалга жолдомо алды

Улуттук балбан жарым финалда австриялык Мартина Куэнс менен беттешет.

1636252
Улуттук балбан Адар жарым финалга жолдомо алды

Улуттук балбан Ясемин Адар Токио Олимпиадасынын дүйнөлүк квалификациясында жарым финалга чыкты.

Болгариянын борбор шаары Софияда уланып жаткан чемпионатта 76 килограмм салмакта күрөшкөн Ясемин Адар, биринчи турда эквадордук атаандашы Генезис Реаско Вальдести 18-7 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда 23 жашка чейинки спортчулардын арасында дүйнө чемпиону кубалык Милайимс Марин Потриллди 2- 0 эсебинде жеңген Ясемин Адар жарым финалга жолдомо алды.

Улуттук балбан жарым финалда дүйнө үчүнчүсү, Европа экинчиси австриялык Мартина Куэнс менен беттешет.



Тектеш кабарлар