Анадолу Эфес Final-Fourда

Анадолу Эфес, жарым финалда Орусиянын өкүлү ЦСКА Москва менен беттешет.

1634142
Анадолу Эфес Final-Fourда

Баскетбол боюнча Түрк аба жолдору (THY) Европа Лигасынын плей-офф чейрек финалдык сериясынын бешинчи жана акыркы оюнда Анадолу Эфес өз талаасында Испаниянын командасы Реал Мадридди 88-83 упай эсебинде утуп алып Final-Fourга жолдомо алды.

Плей-офф чейрек финал сериясында Реал Мадридди 3-2 эсебинде жеңген Анадолу Эфес, жарым финалда Орусиянын өкүлү ЦСКА Москва менен беттешет.

Чейрек финалда Зенитти жеңген Испаниянын өкүлү Барселона менен Германиянын Байерн Мюнхен клубун четтеткен Италиянын AX Armani Exchange Milan командасы, жарым финалда күч сынашат.

THY Европа Лигасында 2020-2021 сезонунун чемпионун аныктай турган төрттүк финал 28-30-май күндөрү Германиянын Кельн шаарында өтөт.



Тектеш кабарлар