Токио Олимпиадалары, Ковид - 19 карата көрүлгөн чаралар

Токио Олимпиадасынын Уюштуруу комитетинин вице-президенти Эндо Тошиаки өлкөдөгү Ковид-19 бейтаптарынын көбөйүп жаткандыгына карабастан, көрүлүп жаткан чараларга ылайык турнирди уюштура тургандарын билдирди.

1633077
Токио Олимпиадалары, Ковид  - 19  карата көрүлгөн чаралар

Токио Олимпиадасынын Уюштуруу комитетинин төрага орун басары  Эндо Тошиаки өлкөдөгү Ковид-19 бейтаптарынын көбөйүп жаткандыгына карабастан, көрүлүп жаткан чараларга ылайык турнирди уюштура тургандарын билдирди.

Жуманын акырында бир   телеканалына маек берген  Эндо, бейтаптардын дагы да көбөйүү ыктымалына токтолуп : «Коомчулукка кенен түрдө жайылышы менен турнир өткөрүлбөйт деген чечим чыгаруу мүмкүн эмес»,- деди.

Эпидемияга карата көрүлгөн чаралардын маанисине көңүлдөрдү бурган Эндо : «Япониядагы кырдаалды жана чараларды эске алуу менен өткөрүүгө даярданып жана ушул негизде ойлонуп жатабыз»,- деди.  

Комитеттеги эксперттер оюндарды коопсуз уюштуруу боюнча конкреттүү пландарды иштеп чыгышкандыгын белгилеген Эндо олимпиаданы жоюу мүмкүнчүлүгү жана жоюу чечиминин убактысы тууралуу суроого жооп берип : «Биз муну эске албайбыз»,- деди.

Мындан мурда 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өткөрүлүшү пландаштырылып, эпидемияга байланыштуу кийинкиге калтырылган Олимпиада оюндарын 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүүгө чечим чыгарылган.

 

 



Тектеш кабарлар