Неслихан Йигит Бадминтон чемпионатында жарым финалда

Неслихан Йигит германиялык спортчу Йвонне Лини 2-0 эсебинде жеңип алды.

1631950
Неслихан Йигит Бадминтон чемпионатында жарым финалда

Улуттук спортчу Неслихан Йигит, бадминтон боюнча Европа чемпионатында аялдар арасында жарым финалга чыкты.

Түркиянын Бадминтон федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Украинанын борбор шаары Киевде чейрек финал беттешинде германиялык спортчу Йвонне Лини 2-0 эсебинде жеңип жарым финалга чыккан Неслихан Йигит медалды гарантиялады.

Жарым финалда испаниялык Каролина Марин менен беттеше турган Неслихан Йигит, 2014-жылы үчүнчү орунду алган Өзге Байрактан кийин Европа чемпиондугунда медалга жеткен экинчи түрк спортчу болду.



Тектеш кабарлар