Футболдо олимпиадалык чүчүкулак

Чүчүкулактын жыйынтыгында, эркектер арасында 16 команда, аялдар арасында 12 команда беттеше турган турнирде атаандаштар аныкталды.

1625760
Футболдо олимпиадалык чүчүкулак

Футболдо 2020-жылдагы Токио Олимпиадасынын беттештери боюнча чүчүкулак тартылды.

Швейцариянын Цюрих шаарында тартылган чүчүкулактын жыйынтыгында, эркектер арасында 16 команда, аялдар арасында 12 команда беттеше турган турнирде атаандаштар аныкталды.

Акыркы чемпион Бразилия, финалда жеңген Германия менен биргеликте D тобуна кирди.

2020-жылдагы Токио Олимпиадасындагы футболдук беттештер:

- Эркектер

А тобу: Япония, Түштүк Африка, Мексика, Франция

В тобу: Жаңы Зеландия, Түштүк Корея, Гондурас, Румыния

С тобу: Египет, Испания, Аргентина, Австралия

D тобу: Бразилия, Германия, Кот-д'Ивуар, Сауд Арабиясы

- Аялдар

Е тобу: Япония, Канада, Улуу Британия, Чили

F тобу: Кытай, Бразилия, Замбия, Нидерландия.

G тобу: Швеция, АКШ, Австралия, Жаңы Зеландия.



Тектеш кабарлар