Паралимпиадалык сууда сүзүү курамасы 3 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду

Сүмеййе Бояжы аялдар аралык 50 метр чалкасынан сууда сүзүү боюнча 43,83 көрсөткүч менен алтын медалын жеңип алса, Севилай Өзтүрк 45,97 убактысы менен экинчи болуп келип, экинчи орунду ээледи.

1623394
Паралимпиадалык сууда сүзүү курамасы 3 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду

Паралимпиадалык сууда сүзүү боюнча дүйнө сериясында (2021 Дүйнөлүк пара сүзүү сериясы) улуттук спортчулар Сүмеййе Бояжы жана Севилай Өзтүрк 50 метр аралыкка чалкалап сүзүү жана 200 метрге эркин сүзүү боюнча финалда биргелешип күч сынашып, подиумга чогуу чыгышты.

Сүмеййе Бояжы аялдар аралык 50 метр чалкасынан сууда сүзүү боюнча 43,83 көрсөткүч менен алтын медалын жеңип алса, Севилай Өзтүрк 45,97 убактысы менен экинчи болуп келип, экинчи орунду ээледи.

Бул жарышта Сүмеййе менен Севилайдын жыйынтыктары өспүрүмдөр категориясында дагы бааланып, алгачкы эки улуттук сууда сүзүүчүлөрдүн медалдарынын саны 4кө жеткирилди.

200 метрге эркин стилдеги жаштар арасындагы финалда Сүмеййе Бояжы 03.23.51 менен экинчи, 03.30.77 убакыт менен Севилай Өзтүрк үчүнчү болду.

Эркектер арасындагы 200 метр аралыкка финалдык беттешке катышкан Корал Беркин Кутлу 02.58.42 убакыт менен күмүш медалга ээ болду. Ошондой эле Беркиндин даражасы өспүрүмдөр категориясында бааланып, улуттук сууда сүзүүчү алтын медалга ээ болду.

Улуттук команда сериянын биринчи күнүндө 3 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медалга ээ болду.

Уюштуруунун Италия этабындагы жарыштар бүгүн аяктайт.

Үй-бүлө, эмгек жана социалдык кызматтар министри Зехра Зүмрүт Селчук өзүнүн Твиттердеги эсебинде билдирүүсүндө: «2021-жылы Дүйнөлүк пара сүзүү сериясында 50 метр чалкасынан сууда сүзүү боюнча Олимпиада жана Европа чемпионаттарында биринчиликти алып бизди сыймыктандырган Сүмеййе Бояжы кызыбызды чын жүрөктөн куттуктайм. Ийгиликтериң улана берсин»,-деп бөлүштү.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп дагы социалдык медиа эсебинен Сүмеййе Бойажыны куттуктады.



Тектеш кабарлар