Футболчу Өзил Кызыл жарым ай коомуна акчалай кайрым кылды

Өзилдин кайрымдуулук жардамынан 128 миң муктаж адам пайдаланат.

1620464
Футболчу Өзил Кызыл жарым ай коомуна акчалай кайрым кылды

Белгилүү футболчу Месут Өзил Түрк Кызылайына 100 миң евро кайрым кылды.

Түрк Кызылайынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Өзил Кызыл жарым ай коому тарабынан жүргүзүлгөн Рамазан өнөктүгүнө 100 миң евро жардам берди.

Өзилдин кайрымдуулук жардамынан 128 миң муктаж адам пайдаланат. Ушул алкакта Түркияда 2800, Индонезияда 1000, Бангладеш Аракандагы качкындар лагерлеринде 750 муктаж адамга Рамазан айында азык-түлүк таркатылат.

Мындан тышкары, Сириянын Идлиб аймагындагы балдар үйлөрүндө жана Сомалинин Могадишо шаарында 30 күн бою ифтар тамак берилип, балдарга оюнчуктар таратылат.



Тектеш кабарлар