Улуттук штангист Данияр Исмаилов Европа чемпиону болду

Россиянын борбор шаары Москвада өткөрүлгөн чемпионаттын төртүнчү күнүндө (кечээ) улуттук спортчулар күч сынашты.

1616525
Улуттук штангист Данияр Исмаилов Европа чемпиону болду

Улуттук штангист Данияр Исмаилов оор атлетика боюнча Европа чемпионатында 2 алтын медалды жеңип чемпион болду.

Россиянын борбор шаары Москвада өткөрүлгөн чемпионаттын төртүнчү күнүндө (кечээ) улуттук спортчулар күч сынашты.

Эркектер арасында 73 килограмм салмакта мелдешке чыккан Данияр Исмаилов жулкуп көтөрүүдө 160 килограммды көтөрүп Европа рекордун жаңылады жана алтын медалга ээ болду.

Силкип көтөрүүдө 181 килограммды көтөргөн 29 жаштагы улуттук оор атлетчи жалпы эсепте 341 килограмм менен алтын медалды багындырды жана Европа чемпиону болду.



Тектеш кабарлар