Түндүк Корея Токио Олимпиадасына катышпайт

Түндүк Кореянын Олимпиадалык комитети мындай чечимдин спортчуларын Ковид-19 пандемиясынан коргоо максатында кабыл алынганын билдирди.

1615708
Түндүк Корея Токио Олимпиадасына катышпайт

Түндүк Корея өз спортчуларын коронавирустук (Ковид-19) пандемиядан коргоо үчүн Токио Олимпиадасына катышпай тургандыгын жарыялады.

Киодо агенттигинин маалыматына караганда, июль айында өткөрүлүшү күтүлүп жаткан Токио Олимпиадасынан баш тартканын билдирген биринчи өлкө Түндүк Корея болду.

Түндүк Кореянын Олимпиадалык комитети мындай чечимдин спортчуларын Ковид-19 пандемиясынан коргоо максатында кабыл алынганын жарыялады.

Буга чейин 2020-жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин өткөрүлүшү пландаштырылган жана эпидемияга байланыштуу кийинкиге калтырылган Токио-2020 Олимпиада оюндарын 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүү чечими кабыл алынган болчу.



Тектеш кабарлар