Хакан Чалханоглу Миланга жеңишти алып келди

Милан атаандаш талаасында Фиорентинаны 3-2 эсебинде утуп алды.

1605854
Хакан Чалханоглу Миланга жеңишти алып келди

Италиянын Биринчи Футбол Лигасынын (А сериясы) 28-жумасында Милан атаандаш талаасында Фиорентинаны 3-2 эсебинде утуп алды.

9-мүнөттө Милан швед жылдыз чабуулчусу Златан Ибрагимович менен алдыга чыкса, 17-мүнөттө үй ээси команданын оюнчусу Эрик Пулгар гол киргизип биринчи тайм 1-1 эсеп менен аяктады.

Экинчи таймда Фиорентина тез баштап, 51-мүнөттө Франк Рибери гол киргизип 2-1 эсебинде алдыга озуп чыкты. Милан бул голго 57-мүнөттө Брахим Диас менен жооп кайтарып, 2-2 эсепти теңдеди.

Беттешти алгачкы 11 оюнчу менен баштаган улуттук футболчу Хакан Чалханоглу 72-мүнөттө сахнага чыгып, командасына жеңиш алып келген голду киргизди. Милан дуэль сыяктуу матчты 3-2 эсебинде  жеңип алды.

Упайын 59га жеткирген Милан лигадагы экинчи ордун сактап калды, ошол эле учурда матчты өткөрүп жиберген эң алдыдагы Интер командасы менен айырманы 6га түшүрдү.

Ал эми Фиорентина бул сезондо 13-жеңилүүсүнө учурап, 29 упай менен 14-орунда калды.



Тектеш кабарлар