Түркия дүйнө рейтингиндеги ордун сактап калды
FIFAнын сайтында февраль айынын дүйнөлүк рейтингдери жарыяланды.
1586926

Түркиянын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын дүйнөлүк рейтингинде 32-орундагы ордун сактап калды.
Эл аралык футбол ассоциациясынын (FIFA) сайтында февраль айынын дүйнөлүк рейтингдери жарыяланды.
2020-жылы 1487 упай менен 32-орунду ээлеген Түркиянын рейтингиндеги орду өзгөргөн жок.
Бельгия 1780 упай менен биринчи, Франция 1755 упай менен экинчи, Бразилия 1743 упай менен үчүнчү орунду ээледи.