Түркиянын командасы Россиянын өкүлүн утуп алды

Бул жыйынтык менен Фенербахче Беко жалпы 14 жеңишке жетишти.

1578411
Түркиянын командасы Россиянын өкүлүн утуп алды

Баскетбол боюнча Түрк аба жолдору THY Европа лигасынын 24-жумасында Фенербахче Беко өз талаасында Россиянын өкүлү Зенитти 92-84 упай эсебинде утуп алды.

Бул жыйынтык менен Фенербахче Беко мелдештерде катары менен 9 оюнду утту жана жалпы 14 жеңишке жетишти.

Катары менен үчүнчү жолу утулган Зенит болсо быйылкы сезондогу 9-жеңилүүсүн башынан өткөрдү.



Тектеш кабарлар