Улуттук теннисчи Ипек Өз Анталияда чемпион болду

Түркия Теннис Федерациясынын билдирүүсүнө ылайык Ипек Өз, финалда 8 номердүү румын спортчу Андреа Амалия Роска менен беттешти.

1540457
Улуттук теннисчи Ипек Өз Анталияда чемпион болду

Улуттук теннисчи Ипек Өз, Анталияда өткөн Эл аралык теннис федерациясынын турнири MTA Openдин финалында румыниялык Андреа Амалия Росканы жеңип чемпион болду.

Түркия Теннис Федерациясынын билдирүүсүнө ылайык, жалпы суммасы 15 миң доллар акчалай сыйлыктуу, топрак кортто өткөн мелдештин чейрек финалында 2 номердүү украиналык Дарья Лопатецканы, жарым финалда орусиялык спортчу Полина Кудерметованы жеңип алган Ипек Өз, финалда 8 номердүү румын спортчу Андреа Амалия Роска менен беттешти.

Улуттук теннисчи 5 жолу топ берүүсүн тосуп коюп, каршылашын 50 мүнөттө 6-1лик эсеп менен 2-0гө жеңип, чемпиондукка жетишти.

Карьерасындагы жеке беттешүүдөгү үчүнчү жеңишине жетишкен 21 жаштагы Ипек, атаандашы Росканын 14 оюндук жеңиш сериясын да токтотту.



Тектеш кабарлар