Түркия-Венгрия беттешүүсү ТРТ 1 каналында көрсөтүлөт

Пускас Аренада ойноло турган беттешүү саат 22.45те башталып, ТРТ 1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

1529684
Түркия-Венгрия беттешүүсү ТРТ 1 каналында көрсөтүлөт

Түркиянын Футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн УЕФА Улуттар Б лигасынын 3-тайпасынын алтынчы жана акыркы матчында Венгрия менен беттешет.

Пускас Аренада ойноло турган беттешүү саат 22.45те башталып, ТРТ 1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Беттешүүнү Словакиянын Футбол федерациясынын калысы Иван Крузлиак башкарат. Крузлиактын жардамчыларын ошол эле өлкөдөн келген Томас Сомолани жана Бранислав Ханчко аткарат.

Тайпанын башка матчында Россия Сербия талаасында конок болот.

Үчүнчү тайпада Орусия акыркы оюндар алдындагы орто эсеп менен 8 упай жана артыкчылык менен лидер.

Ушундай эле упай менен Венгрия экинчи орунда турат.

Түркия 6 упай топтоп үчүнчү орунда, ал эми Сербия 3 упай менен акыркы ...

Улуттук курама команда Венгрияны жеңип, Россиянын Сербияга жеңилген учурунда, тайпаны лидер катары аяктап, А лигасына көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк бар.


Этикеткалар: #УЕФА , #Футбол

Тектеш кабарлар