Эмре Сакчы биринчиликти алды

Эмре Сакчы брасс стилинде биринчи болду.

1528488
Эмре Сакчы биринчиликти алды

Фенербахченин спортчусу улуттук сууда сүзүүчү Эмре Сакчы Эл аралык сууда сүзүү лигасынын жарым финалында эркектер арасында 50 метр брасс стилинде биринчи болду.

23 жаштагы сууда сүзүүчү Венгриянын борбор шаары Будапештте өткөрүлгөн иш-чарадагы жарышта  25,54түк көрсөткүчү менен бразилиялык Фелипе Силвадан 0,48 секундага озуп кетип биринчи орунду ээледи.

Эл аралык сууда сүзүү лигасынын жарым финалдык баскычы 16-ноябрь дүйшөмбү күнү өтө турган жарыштар менен жыйынтыкталат.



Тектеш кабарлар