Түркия чоң иш-чарага кожоюндук кылат

Чинтимар, абдан маанилүү иш-чарага кожоюндук кыла тургандарын айтты.

1526312
Түркия чоң иш-чарага кожоюндук кылат

Түркиянын Атлетика Федерациясы (TAF), 2023-жылдагы жабык имаратта өтүүчү жеңил атлетика боюнча Европа чемпионатынын Стамбулда өткөрүлө тургандыгын жарыялады.

Атакөйдөгү атлетика залында Түркиянын Атлетика Федерациясынын (TAF) башчысы Фатих Чинтимар жана өлкөнүн өкүлдөрү катышкан жыйында Түркиянын талапкерлик кайрылуусуна баа берилди.

Жолугушуудан кийин билдирүү жасаган Чинтимар, абдан маанилүү иш-чарага кожоюндук кыла тургандарын айтты.

Чинтимар: «Буюрса иш-чараны Стамбулдун Атакөй районундагы атлетика залында биргеликте өткөрөбүз. Бир добуштан Түркияга берилди»,- деди.



Тектеш кабарлар