Стамбулда теннис мелдеши башталат

Быйыл TED Sports Club тарабынан 72-жолу өткөрүлө турган мелдеште эркектер теннисинин маанилүү ысымдары кортко чыгат.

1511316
Стамбулда теннис мелдеши башталат

Түркиянын эң түптүү теннис мелдеши Istanbul Challenger TED Openде  негизги  мелдештери эртең башталат.

Быйыл TED Sports Club тарабынан 72-жолу өткөрүлө турган мелдеште эркектер теннисинин маанилүү ысымдары кортко чыгат. 4 түрк спортчусу Istanbul Challenger TED Open мелдешинин башкы аянтында күч сынашат.

Улуттук теннисчи Жем Илкел дүйнөнүн 225-номери француз Эллиот Бенчетрит менен беттешсе, Алтуг Челикбилек турнирдин 6-орунду ээлеген италиялык Лоренцо Жустино менен кортто ойнойт. Эрги Кыркын, Беларуссиядан келген дүйнөнүн 141-номери Илья Иваска жана Марсель Илхан австриялык теннисчи Себастьян Офнер менен күч сынашат.

Биринчиси 1946-жылы өткөрүлгөн мелдеште мурунку жылдардагыдай эле эркектер арасында теннистин белгилүү ысымдары ойнойт. Бул жылы TED Спорт клубунун кортунда 72-ирет өткөрүлгөн жалпы суммасы 104 160 доллар турган турнир 25-октябрь, жекшемби күнү жекеме-жеке финал менен аяктайт.



Тектеш кабарлар