Түркия-Сербия беттешин болгариялык калыс тейлейт

Түркия - Сербия беттешүүсү эртең Түрк Телеком стадионунда саат 21: 45те башталат.

1507854
Түркия-Сербия беттешин болгариялык калыс тейлейт

Түркиянын футбол боюнча А Улуттук курама командасынын УЕФА Улуттар лигасынын 3-тайпасында Сербия менен ойной турган оюнду болгариялык калыс Георгий Кабаков тейлейт.

Кабаковдун жардамчылары ушул эле өлкөдөн Мартин Маргаритов менен Диян Валков болушат.

Ал эми беттештин төртүнчү калысы Никола Попов болот.

Түркия - Сербия беттешүүсү эртең Түрк Телеком стадионунда саат 21: 45те башталат жана ТРТ-Спорт каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.



Тектеш кабарлар