Улуттук курама команда Россиядан 1 упай алып кайтты

ВТБ Аренада ойнолгон оюн 1-1 эсебинде жеңишсиз аяктады.

1507110
Улуттук курама команда Россиядан 1 упай алып кайтты

Футбол боюнча улуттук курама командабыз УЕФАнын Улуттар лигасында атаандаш талаасында Россия менен беттешүүсүндө 1-1 эсебинде тең чыкты.

Экинчи таймда Улуттук курама команда өзүнүн натыйжалуу оюнун көрсөтсө дагы Россияга гол киргизе албай, өз тобундагы үчүнчү оюнда жеңишке жетише алган жок.

Улуттук Футбол командасы УЕФАнын Улуттар лигасынын 3-тайпасынын үчүнчү матчында Орусияга конок болду.

ВТБ Аренада ойнолгон оюн 1-1 эсебинде жеңишсиз аяктады.

Экинчи таймда жакшы оюну менен жеңишти колдон чыгарган биздин команда болду.

Россияда өткөн беттештин голдорун 28 мүнөттө  Миранчук жана 62 мүнөттө Түркиянын атынан Кенан Караман киргизди.

Бул жыйынтыктан кийин Россия өз упайын 7ге, ал эми Улуттук А курама команда упайын 2ге көтөрдү.

Ай-жылдыздуу команда 14-октябрь, шаршемби күнү Сербия менен тайпада төртүнчү беттешин өткөрөт.

Беттеште сары айып картын алган Озан Кабак ойной албайт.



Тектеш кабарлар