Түркия-Россия беттешүүсү Москвада өтөт

Россиянын борбор шаары Москвадагы ВТБ Аренада ойноло турган оюн Түркия убактысы боюнча саат 21.45те башталат жана ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

1506344
Түркия-Россия беттешүүсү Москвада өтөт

Түркиянын А Улуттук футбол командасы эртең УЕФАнын Улуттар Б лигасынын 3-тайпасынын үчүнчү оюнунда Россия менен беттешет.

Россиянын борбор шаары Москвадагы ВТБ Аренада ойноло турган оюн Түркия убактысы боюнча саат 21.45те башталат жана ТРТ-1 каналынан түз эфирде көрсөтүлөт.

Тайпанын берки беттешүүсүндө Сербия өз талаасында Венгрияны тосуп алат.

Үчүнчү топто Россия үчүнчү беттештер алдында 6 упай менен лидер. Экинчи орундагы Венгрия 3 упай топтоду. Ал эми Түркия менен Сербиянын бирден упайы бар.



Тектеш кабарлар