EURO-2020 плей-офф финалисттери

Плей-офф турунда 8 өлкөнүн курама командалары финалга чыгышты.

1505726
EURO-2020 плей-офф финалисттери

2020-жылдагы Европа Футбол Чемпионатынын (EURO 2020) плей-офф турунда 8 өлкөнүн курама командалары финалга чыгышты.

Жарым финалдык беттештерде атаандаштарын жеңген Грузия, Түндүк Македония, Венгрия, Исландия, Сербия, Шотландия, Түндүк Ирландия жана Словакия бир баскыч жогорулады.

Плей-офф жарым финал оюндарынын жыйынтыктары:

Грузия-Беларуссия: 1-0

Түндүк Македония-Косово: 2-1

Норвегия-Сербия: 1-2

Шотландия-Израиль: 5-3

Словакия-Ирландия Республикасы: 4-2

Босния-Герцеговина-Түндүк Ирландия: 3-4

Болгария-Венгрия: 1-3

Исландия-Румыния: 2-1

Пандемияга байланыштуу 2021-жылга жылдырылган чемпионатка катыша турган акыркы 4 команданы аныктай турган беттештер 12-ноябрда болот.

Грузия - Түндүк Македония, Венгрия - Исландия, Сербия - Шотландия жана Түндүк Ирландия - Словакия беттештеринде жеңишке жеткен командалар EURO 2020га жолдомо алышат.



Тектеш кабарлар