Түрк теннисчилери 2 чемпиондукту жана 2 экинчи орунду жеңип алышты

Тиранада жаштар турнири болуп өттү.

1497670
Түрк теннисчилери 2 чемпиондукту жана 2 экинчи орунду жеңип алышты

Албаниянын борбор шаары Тиранада өткөн ITF (Эл аралык теннис федерациясы) жаштар турниринде күч сынашкан түрк теннисчилери 2 чемпиондукту жана 2 экинчи орунду жеңип алышты.

Түркия Теннис Федерациясынын билдирүүсүнө караганда, Grade 5 деңгээлиндеги ITF жаштар турнири 18 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы National Sport Park Open, Тиранада өттү.

2005-жылы туулган Лейла Элмас өткөн жумада Тиранада жетишкен жеңишин ушул жумада да кайталады.

Лейла 1-орунду ээлеген венгриялык теннисчи Лука Удвардини жекеме-жеке финалда 6-4 жана 6-1 сет менен жеңип, чемпиондукту жеңип алды.

Лейла-Удварды экөө болсо жуптук финалда Ниса Булут-Ада Карабакты 4-6, 6-2 жана 11-9 эсебинде утуп, чемпиондукка жетишти.

Биртан Дуран АКШлык өнөктөшү Аман Шарма менен эркектер арасындагы жуптук финалда Александр Фрусина-Наоя Хонда жубун 7-6, 1-6 жана 10-7 эсебинде жеңип, экинчи орунду ээледи.



Тектеш кабарлар