Реал Мадриддин оюнчусу Диаздын коронавирус тести позитив чыкты

Мариано Диаз Реал Мадридде бул сезон 7 оюнда ойноп 1 гол киргизген.

1463706
Реал Мадриддин оюнчусу Диаздын коронавирус тести позитив чыкты

Испания 1 -  футбол лигасынын командасы Реал Мадриддин чабуулчусу Мариано Диаздын коронавирус жукутруп алганы билдирилди.

Клубдан берилген маалыматта кечээ медициналык текшерүүдөн өткөн 26 жаштагы футболчунун тест жыйынтыкранын позитив чыкканы жана протокол боюнча үйүндө карантинге киргени белгиленди.

Испаниянын массалык маалымат каражаттары Диаздын Реал Мадриддин 7 -  августта Манчестер Сити менен ойной турган  УЕФА чемпиондор лигасынын акыркы 16 турунун реваншында ойнобой турганын жазды.

Мариано Диаз Реал Мадридде бул сезон 7 оюнда ойноп 1 гол киргизген.

 

 



Тектеш кабарлар