Түркиянын жаңы чемпиону Медиполь Башакшехир

Акыркы 6 сезондо алдыңкы 4 орундан  чыкпаган кызгылт-сары  команда ушул сезондо биринчи чемпионатына жетишти.

1462785
Түркиянын жаңы чемпиону Медиполь Башакшехир
Medipol Başakşehir 1.jpg
erdoğan.jpg

Супер лигадагы 2019-2020 сезонунун чемпиону Медиполь Башакшехирдин туруктуу жогорулоосу тарыхый ийгиликке алып келди.

Акыркы 6 сезондо алдыңкы 4 орундан  чыкпаган кызгылт-сары  команда ушул сезондо биринчи чемпионатына жетишти.

Супер лигада кайрадан жогорулаган 2014-2015 сезону жана андан кийинки сезонду 59дан упай менен аяктаган Медиполь Башакшехир,  2016-2017 сезонунда 73 упай менен экинчи, 2017-2018-жылдары 72 упай менен үчүнчү орунду ээледи. Ал өткөн сезондо 67 упай менен экинчи орунда болчу.

Кызгылт-сары команда  ушул сезондо 69 упай топтоп, Суперлиганын алтынчы чемпиону катары тарыхта калды.

Супер лигада акыркы 6 сезонунда мыкты 4-орундан чыкпаган башка команда жок.

Сезондун чемпиону Медиполь Башакшехирдин кызгылт-сары түстөгү чоң  желеги Босфордогу көпүрөлөргө илинди.

Бир тараптан, президент Режеп Таййип Эрдоган, Супер лигада 2019-2020 сезонунун чемпиону Медиполь Басакшехирдин башчысы Гөксел Гүмүшдаг  менен техникалык делегацияны жана футболчуларды кабыл алды.

Президенттик комплексте кабыл алуу басма сөзгө жабык болду.

Гүмүшдаг жана футболчулар президент Эрдоганга бетинде ысымы  жазылган 12 номердүү форманы белек кылды.



Тектеш кабарлар