Кечеңдетилген Токио-2020 Олимпиадасынын программасы
Токио-2020 Олимпиадасы 2021-жылдын 8-августунда аяктайт.
1457389
Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) жайылуусуна байланыштуу 2021-жылга жылдырылган 2020-жылдагы Токио Олимпиадасынын программасы жарыяланды.
Эл аралык Олимпиада Комитетинин билдирүүсүндө, убакыттын анча-мынча айырмачылыктарын эске албаганда, быйыл жылдырылган күн тартиби менен кийинки жылы уюштурула турган иш-чаранын программасынын ортосунда баары бирдей бойдон кала турганы айтылды.
Япониянын борбору Токиодо, жылдырылган оюндар үчүн буга чейин даярдалган 43 имараттын бардыгы кийинки жылы пайдаланууга берилет.
Токио-2020 жаңы курулган Улус стадионунда өтө турган азем менен 2021-жылдын 23-июлунда башталат. Эң көп медаль (339) таратыла турган Токио-2020 Олимпиадасы 2021-жылдын 8-августунда аяктайт.