Түркия хоккейде эки эл аралык иш-чарага кожоюндук кылат

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 2021-жылы Түркияда өткөрүлөт.

1445643
Түркия хоккейде эки эл аралык иш-чарага кожоюндук кылат

Түркия, келээрки жылы хоккей боюнча жаштар категориясында эки эл аралык иш-чарага кожоюндук кылат.

Жаш кыздар жана эркектер арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 2021-жылы Түркияда өткөрүлөт.

18 жашка чейинки кыздар арасында дүйнөлүк чемпионаттын 2-этап мелдештери 2021-жылдын 26-31-январында Кожаели шаарында, 18 жашка чейинки эркектер арасында болсо 3-этап А тобунун мелдештери 2021-жылы 29-марттан 4-апрелге чейин Стамбулда өткөрүлөт.

Эл аралык Хоккей Федерациясынын 2020-2021-жылдарга карата спорттук иш-чараларынын календарына ылайык, кайрылуу жасалган эки категориядагы мелдештердин Түркияда өткөрүлүшүнө чечим чыгарылды.



Тектеш кабарлар