Мерседес Формула - 1де расистикке каршы кара түстөгү унаалар менен жарышат

Жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам  кечеңдетилген Формула  - 1 дүйнөлүк чемпиондукта биринчи жарыш  5 -  июль күнү Австралияда өткөрүлөт.

1446293
Мерседес Формула  - 1де расистикке каршы  кара түстөгү унаалар менен жарышат

Формула – 1 командаларынан Мерседес расистикке каршы  башталган кампаниянын негизинде бул сезондо кара түстүү унаа менен жарышат.

Мерседестен берилген маалыматта  «Каралардын өмүрү баалуу» экени эске салынып, команданын бардык расистикке жана бөлүүчүлүккө каршы экендиги билдирилди. Команданын ушунун негизинде 2020  сезону үчүн кээ бир өзгөрүүлөрдү киргизгени, салттык күмүш түстүн ордуна кара түстүү унаа менен жарыш болору жана унаада «Расистикти акырына чыгаргыла» деп жазылган жазуунун орун алары белгиленди.

Мерседестин учкучу Левис Хэмилтон АКШда Африка тектүү Жорж Флойддун полиция тарабынан өлтүрүлүшүнөн кийин Формула  - 1де расистикке үн чыгарбагандарга каршылык көрсөттү.

Жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам  кечеңдетилген Формула  - 1 дүйнөлүк чемпиондукта биринчи жарыш  5 -  июль күнү Австралияда өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар