Баскетбол боюнча ULEB Европа кубогуна катыша турган командалар белгилүү болду

Уюштуруучулардан берилген маалыматта Түркиядан Фрутти Экстра Бурсаспор жана Бахчешехир колледжи ULEB Европа Кубогунда 2020-2021 сезонунда кубокко катыша турганы белгиленди.

1436457
Баскетбол боюнча ULEB Европа кубогуна катыша турган командалар белгилүү болду

 

Баскетбол боюнча ULEB Европа кубогунда 2020-2021 сезонунда ойной турган 24 команда жарыяланды.

Уюштуруучулардан берилген маалыматта Түркиядан Фрутти Экстра Бурсаспор жана Бахчешехир колледжи ULEB Европа кубогунда 2020-2021 сезонунда кубокко катыша турганы белгиленди.

Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын себебинен жоюлган 2019-2020 сезонунда чейрек финалга жогорулаган 8 командага алдыдагы сезондо орун берилгени маалым болду.

ULEB Европа кубогунда 2020-2021 сезонунда ойной турган командалар төмөнкүлөр:

AS Монако, Бахчешехир Колледжи, Будучность ВОЛИ, Седевита Олимпия, Фрапорт Скайлайнерс, Фрутти Экстра Бурсаспор, Герман Брешиа Леонесса, Хербалайф Гран Канария, JL Бург, Жовентут Бадалона, Литкабелис, Локомотив Кубан, Маккаби Ришон ЛеЗион 92, Метрополитанс 92, МораБанк Андорра, Нантерре 92, Партизан НИС,  Промитеас Патрас, Ратиофарм Улм, Талент Гиантс, Умана Рейер, Уникажа Малага, УНИКС Казань жана Виртус Сегафредо Болонья. 

  Тайпаларга бөлүү үчүн чүчүкулактарынын 10-июлда тартыла турганы жарыяланып, мелдештердин пландалган календары болсо мындай;

Нормалдуу мезгил: 30-сентябрь - 16-декабрь, 2020-жыл

Акыркы раунд 16: 30-декабрь - 2021-жылдын 3-февралына чейин,

Чейрек финал: 2021-жылдын 2-10-марты

Жарым финал: 2021-жылдын 16-24-марты

Финал: 2021-жылдын 6-14-апрели



Тектеш кабарлар