Пандемиянын футболчуларга тийгизген таасири

Эл аралык профессионал футболчулар биримдиги жүргүзгөн сурамжылоо  эпидемиянын бүткүл дүйнөдө футболчулардын психилогиясына тескери таасирин тийгизгендигин ортого салды.

1402685
Пандемиянын футболчуларга тийгизген таасири

Коронавирус футболчулардын психологиясына таасирин тийгизди.

Эл аралык профессионал футболчулар биримдиги жүргүзгөн сурамжылоо  эпидемиянын бүткүл дүйнөдө футболчулардын психилогиясына тескери таасирин тийгизгендигин ортого салды.

22 -  март жана  14 -  апрель күндөрү 16  өлкөдө 1602 футболжуга жүргүзүлгөн суражылоодо коронавирустун берген берген таасири иликтенди. Сурамжылоонун жыйынтыктары вирус белгиси болгон футболчулардын келечек тууралуу санааларынын бар экендигин көрсөттү. Сурамжылоо жүргүзүлгөн 1602 футболчудан 468зи аялдар.

Эпидемиядан улам эркек футболчулардын  13 пайызында депрессия, 16 пайызында тынчсыздануу чыкты.

Аял футболчулардын коронавирустан дагы көп таасирленгендиги 18 пайыз тынчсыздануу, 22 пайыздык депрессия катнашы менен белгилүү болду.

Сурамжылоонун жыйынтыгына караганда депрессия белгисин көрсөткөн футболчу саны мурунку айларга салыштырмалуу эки эсе өскөндүгү такталды.

Эл аралык профессионал футболчулар биримдиги да психологиясы бузулган футболчуларга адистин жардамын алууну сунуш кылды.



Тектеш кабарлар