Олимпиадага катышарын телефон аркылуу билди

Улуттук каратечи Түркияны өкүлдүк кылат.

1396700
Олимпиадага катышарын телефон аркылуу билди

Токио Олимпиадалык оюндарында 61 килограммда Түркияны өкүлдүк кыла турган каратечи Мелтем Акйол, Ковид-19дун себебинен тандоо мелдештери токтотулгандан кийин квота алгандыгын телефон аркылуу билди.

Коронавирус пандемиясынан улам машыгуусун үйүндө уланткан Европа экинчиси Мелтем, Токио Олимпиадасында мелдешке чыгуу эң чоң кыялы экенин айтты.

Дүйнөлүк рейтингде экинчи болгон 28 жаштагы улуттук каратечи: «Карате алгач ирет Олимпиадалык оюндарга киргизилет. Бул элестете албаган нерсе. Карате биринчи жолу орун ала турган олимпиадага катышып тарыхта калуу абдан толкундануу жаратуучу сезим»,-деди.



Тектеш кабарлар