EURO 2020да Түркиянын атаандаштары белгиленди

Чемпионаттын тарыхында алгач ирет 12 өлкө кожоюндук кыла турган 12-июндан 12-июлга чейин улана турган 2020 Европа футбол чемпионаты (EURO 2020) үчүн чүчүкулак тартуусу болду.

EURO 2020да Түркиянын атаандаштары белгиленди

Түркиянын «А» улуттук курама футбол командасы 2020 Европа футбол чемпионатында «А» тайпасында Италия, Швейцария жана Уэльс менен ойнойт.

Чемпионаттын тарыхында алгач ирет 12 өлкө кожоюндук кыла турган 12-июндан 12-июлга чейин улана турган 2020 Европа футбол чемпионаты (EURO 2020) үчүн чүчүкулак тартуусу болду.

Румыниянын борбор калаасы Бухаресттеги ROMEXPO көргөзмө борборунда ишке ашкан чүчүкулак тартууга 3-баштыкта катышкан «А» улуттук курама команда Италия, Швейцария жана Уэльс менен бир тайпага түштү.

Чемпиоанттын ачылыш оюну «А» тайпасында кожоюн өлкөлөрдөн Италия менен Түркиянын ортосунда болот.

Италиядагы ачылыш беттешүүсү 12-июнда Түркия убактысы боюнча саат 22:00дө Рим олимпиадалык стадионунда болот.

Түркия тайпасындагы экинчи беттешүүсүн 17-июнда Түркия убактысы боюнча саат 19:00дө Уэльс, 21-июнда саат 19:00дө Швейцария менен ойнойт.

EURO 2020 Финалдарында тайпалар төмөнкүчө түзүлдү;

«А» тайпасы; Түркия, Италия, Уэльс, Швейцария

«В» тайпасы; Дания, Финляндия, Бельгия, Орусия

«С» тобунда; Нидерландия, Украина, Австрия, эл аралык плей-офф «D» же «А» тайпасынын биринчиси

«D» тайпасы; Англия, Хорватия, эл аралык плей-офф «С» тайпасынын биринчиси, Чехия

«Е» тайпасы; Испания, Швеция, Польша, эл аралык плей-офф «В» тайпасынын биринчиси

«F» тайпасы; эл аралык плей-офф «А» же «D» тайпасынын биринчиси, Португалия, Франция, Германия



Тектеш кабарлар