Түркия Дүйнөлүк күрөш чемпионатында 4 медалга ээ болду

Нур-Султанда өткөн чемпионатта 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болгон Түркия, олимпиадага 4 жолдомо алды.

1274131
Түркия Дүйнөлүк күрөш чемпионатында 4  медалга ээ болду

Түркия, Казакстанда уюштурулган Дүйнөлүк күрөш чемпионатын 4 алтын медаль менен бүтүрдү.

Борбор шаар Нур-Султанда өткөн чемпионатта 1 алтын, 2 күмүш жана 1 коло медалга ээ болгон Түркия, олимпиадага 4 жолдомо алды.

Чемпионатта Түркияга жалгыз алтын медалды улуттук күрөшчү Рыза Каяалп алып берди.

Улуттук спортчу грек-рим ыкмасында 130 кг салмагынын финалында  кубалык Оскар Пино Хиндсти  жеңип алтын медалдын ээси болду. Рыза ушундайча грек-рим ыкмада 4 жолу дүйнөлүк чемпиондукка жетишкен алгачкы Түрк спортчу катары тарых барактарында калат.

Грек-рим ыкмасында 97 кг салмакта күч сынашкан балбан Жем Илдем, коло медалга ээ боду. Олимпиаданын үчүнчүсү тажрыйбалуу күрөшчү, дүйнөлүк чемпионаттарда үчүнчү коло медалды багындырды.

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команда болсо 2 күмүш медал алып чемпионаттыкты бүтүрдү.

Олимпиада чемпиону Таха Акгүл, 125 кг салмактын финалында грузин балбаны Гено Петриашвилиге жеңилип күмүш медалды тагынды. Улуттук спортчу Сүлейман Атлы да 57 кг салмакта экинчилик трибунасына чыкты.

 



Тектеш кабарлар