Рыза Каяалп төртүнчү жолу дүйнөлүк чемпион болду
Казакстанда өткөн Дүйнөлүк күрөш чемпиондугунда улуттук спортчу Рыза Каяалп грек - рим стилинде 130 килограммда алтын медалды багындырды.
Казакстанда өткөн Дүйнөлүк күрөш чемпиондугунда улуттук спортчу Рыза Каяалп грек - рим стилинде 130 килограммда алтын медалды багындырды.
Борбор шаар Нур Султандагы чемпиондуктун төртүнчү күнүндө улуттук күрөшчү Рыза грек - рим стилинде 130 килограмм финалында кубалык Оскара Пино Хиндс менен күрөштү. Барыс Аренадагы акыркы беттеште кубалык күрөшчүнү 3 – 1 ге жеңген Рыза алтын медалды багындырды.
Рыза Каяалп Куба тектүү чилилик дүйнө үчүнчүсү Ясмани Акоста Фернандес менен кытайлык Линже Мэнди 4 – 0гө жеңип чейрек финалга чыккан. Улуттук күрөшчү чейрек финалда грузин Якоби Каяяны 5 – 1ге, жарым финалда болсо немис Эдуард Поппту 4 – 1ге жеңген.
Улуттук күрөшчү андан мурда 2011 – 2015 - 2017 - жылдары да дүйнөлүк чемпиондукка жетишкен.
Президент Р. Т. Эрдоган Дүйнөлүк күрөш чемпиондугунда төртүнчү жолу алтын медалды багындырган улуттук күрөшчү Рыза Каяалпты куттуктады.
Эрдоган социалдык медиа твиттерден берген маалыматында : «Дүйнөлүк күрөш чемпиондугунда төртүнчү жолу алтын медалга жетишип бизди дагы бир жолу кубанткан улуттук күрөшчүбүз Рыза Каяалпты чын көңүлдөн куттуктайм»,- деди.