Түркия акыркы дүйнө чемпиону Францияны жеңди

Түркия Францияны 2-0 эсебинде утуп алды.

1215128
Түркия акыркы дүйнө чемпиону Францияны жеңди
Didier Deschamps.jpg
senol gunes.jpg
Turkiye-fransa maci2.jpg
Turkiye-fransa maci1.jpg

Түркиянын "А" улуттук курама футбол командасы Европа Футбол чемпионаты 2020нын (EURO 2020) Н тайпасындагы тандоо оюндарынын үчүнчү оюнунда акыркы дүйнө чемпиону Францияны 2-0 эсебинде утуп алды.

Конияда болгон беттешүүдө Түркиянын голдорун 30-мүнөттө Каан Айхан, 40-мүнөттө Женгиз Үндер киргизип, оюндун экинчи жарымы голсуз аяктады.

Н тайпасындагы алгачкы эки беттешүүдө Албанияны 2-0, Молдованы 4-0 эсебинде утуп алган "А" улуттук курама футбол командасы удаама-удаа үч жеңишке жетишип 9 балл менен тайпасындагы башкы орунга жазылды.

Франция болсо тайпасындагы алгачкы жеңилүүсүнө учурап 6 балл алып экинчи орунга жазылды.

Түркия Франция менен 10 жыл аралыктан кийин беттешип, атаандашын жеңе алды.

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу менен Түркия футбол федерациясынын төрагасы Нихат Өздемир оюнду трибунада отуруп көрүштү.

Команданын башкы машыктыруучусу Шенол Гүнеш, жакшы оюн ойноп 3 балл алгандарын айтты.

Гүнеш: "Таасирдүү, ишеничтүү жана акылдуу ойнодук. Көңүлүбүз көтөрүлдү жана ишенимибиз артты. Франциянын күчтүү оюнчулары бар эле, бирок биз алардан да күчтүү ойнодук. Эми Исландия менен боло турган оюнга камылга көрүшүбүз керек",-деди.

Франциянын курама командасынын башкы машыктыруучусу Дидер Десчэмс, Түркиянын улуттук курама командасы жакшы ойногонун, өздөрү таасрдүү ойной албаганын айтып, Түркияны куттуктады.

Эске сала кетсек, "А" улуттук курама футбол команда Европа футбол чемпионаты 2020нын Н тайпасынын тандоо оюндарынын алкагында 11 -июнда атаандаш талаасында Исландия менен беттешет.

 

 



Тектеш кабарлар