Түркиянын футбол курама командасы Антальядагы лагерде машыгууларын баштады

Курама команда бул мезгилде Греция жана Өзбекстан менен беттешет.

1209585
Түркиянын футбол курама командасы Антальядагы лагерде машыгууларын баштады

2020 Европа футбол чемпионатынын тандоо оюндарынын «Н» тайпасында Франция жана Исландия менен беттеше турган Түркиянын курама командасы, Антальядагы лагерде машыгууларын баштады.

Даярдыктарынын алкагында 30-майда Анальяда Греция, 2-июнда болсо Аланияда Өзбекстан менен эки атайын оюн ойной турган курама команда, Белек туризм борборунда башкы машыктыруучу Шенол Гүнештин жетекчилигинде алгачкы машыгуусун ишке ашырды.

Шенол Гүнеш, машыгуунун алдында футболчулар менен аянтта кыскача жыйналыш өткөрдү.

Улуттук оюнчулардан Эмре Белөзоглу, Бурак Йылмаз жана Дорукан Токөз, алдын алуу максатында физиотераписттин байкоосунда командадан өзүнчө машыктырылды.

Германиянын командасы Штутгартта ойногон Озан Кабак, эртең футболдук беттешүүсү болгондуктан, Италиянын Сассуоло командасында ойногон Мерих Демирал болсо учагынын кечигүүсүнөн улам азырынча лагердеги машыгууга кошула элек.



Тектеш кабарлар