Катарда 2022 Дүйнөлүк кубогу ойнолот

Катарда өтө турган 2022 ФИФА дүйнөлүк кубогунун оюндары ойноло турган негизги стадиондордун бири болгон Ел  - Векра стадиону ачылды.

1203317
Катарда 2022  Дүйнөлүк кубогу ойнолот

Катарда өтө турган 2022 ФИФА дүйнөлүк кубогунун оюндары ойноло турган негизги стадиондордун бири болгон Ел  - Векра стадиону ачылды.

Ел  - Векра аймагында курулган стадиондун ачылуу аземине дүйнөгө белгилүү футбол жылдыздары катышты.

Аземге катышкан футболчулардын арасында бразилиялык мурунку улуттук футболчу Роберт Карлос, нидерландиялык футбол машыктыруучусу жана мурунку футболчу Рууд Гуллит, Роналд де Бур, камерундук улуттук футболчу Самуэль Это, Испаниянын мурунку футболчусу жана машыктыруучусу Фернандо Руиз Хиерро, египеттик футболчулар Ваил Жума  менен Хейсем Фарук жана тунистик Тарык Дияб, Хатим ет  -  Траблуси да катышты.

Аземге футболчулар менен бирге катардык белгилүү ралли учкучу жана 2011 – 2015 жана 2019 Дакар Ралли чемпиону Насыр ел  - Атиййе жана Азия боюнча бийиктикке секирүү боюнча рекорддун ээси Мутез Бершем да катышты.

Катар ФИФА дүйнөлүк кубогун 2022 -  жылы 21 -  ноябрь  18 -  декабрь күндөрүнүн арасында өткөрөт.

Ел  - Векра стадиону заманбапташтыруу иштеринен кийин 2017 -  жылы ачылган Эл аралык Халифе стадионунан кийин 2022 ФИФА дүйнөлүк кубок стадиондорунун арасында ачылышы ишке ашкан экинчи стадион болду.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар