Түрк футболчусу Бундеслигада эң мыкты жаш оюнчу болду

Бундеслиганын интернет барагында орун алган маалымдоого караганда Озан Кабак, көрсөткөн ийгиликтери менен «айдын эркеси» болду.

1183963
Түрк футболчусу Бундеслигада эң мыкты жаш оюнчу болду

Германиянын Биринчи Футбол лигасы (Бундеслига) командасынан Штутгартта ойногон Түрк улуттук футболчу Озан Кабак, лигада март айынын эң мыкты жаш оюнчусу деп тандалды.

Бундеслиганын интернет барагында орун алган маалымдоого караганда Озан Кабак, Герта Берлинден Марко Гружич жана Айнтрахт Франкфурттан Алмами Туреден озуп өтүп «айдын эркеси» болду.

19 жаштагы Озан, лигада Штутгарт формасын кийген 4 беттешүүдө 2 гол киргизиши менен катар, 78 таамай пас берип ойгогону жана бетме-бет алдашууларда 60,7 пайызын жеңгени менен таанылган.

Штутгарт, Озанды арадагы трансфер мезгилинде 11 миллион еврого Галатасарайдан трансфер кылган.



Тектеш кабарлар