Рыза Каяалп дагы бир жолу Европа чемпиону болду

Европа күрөш чемпионатында Рыза Каяалп грузин атаандашын жеңди.

1182970
Рыза Каяалп дагы бир жолу Европа чемпиону болду

Европа күрөш чемпионатында 130 кг самакта грузин атаандашы Лакоби Кажаианы жеңип алган Рыза Каяалп алтын медалды тагынды.

Рыза Каяалп 9-чемпиондугу менен Түрк күрөш тарыхында эң көп Европа чемпиондугуна ээ болгон түрк балбаны болду.

Рыза бул наамды Хамза Йерликая менен бөлүшүп келген болчу, эми андан ашты.

Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу, чемпионаты көргөнү барып, жеңишке жетишкен балбанды куттуктады.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Каяалпты телефон аркылуу куттуктады.

Чемпион спортчу да Президентке ырахматын айтып,"Президентибиз бизди чемпион болгондо  ар дайым куттуктап келет. Бул болсо бизге баа бергенинин белгиси болуп саналат. Министрибиз да бизди жалгыз калтырбай колдоп келди. Элибизге чемпиондукту алып берген үчүн сыймыктанамын",-деди.

 


Этикеткалар: #Рыза Каяалп

Тектеш кабарлар