Түркиянын Вакыфбанк командасы жарым финалда...
Түрк командасы удаама-удаа 7-жолу жарым финалга чыкты.
1167634
Түркиянын волейбол боюнча Вакыфбанк кыздар командасы сыймыктандырууну улантууда.
CEV Чемпиондор лигасында ойногон түрк командасы удаама-удаа 7-жолу жарым финалга чыкты.
Вакыфбанк командасы кыздар арасында волейбол боюнча чемпиондор лигасынын чейрек финал реванш беттешүүсүндө Орусиянын Динамо Москва командасын тосуп алды.
Түркиянын өкүлү 65 мүнөткө созулган мелдешти 3-0 эсебинде жеңди. Ушундайча удаама-удаа жетинчи жолу жарым финалга чыгуу ийгилигине жетишти.
Түрк командасы жарым финалдагы биринчи оюнун 3-апрель шаршемби күнү ойнойт.